2024-04-24

Cтуденттерибиз көргөзмөдө


23-25-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия дана спорт академиясынын манежинде уюштурулган Эл аралык курулуш көргөзмө-фоумуна колледжибиздин "Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо" программасынын студенттери дагы күбө болуп кайтышты. 

Аталган көргөзмө-форум ажрыйба алмашуу, жарыяланган тармактарда сапаттуу жана эффективдүү иштөө көйгөйлөрүн талкуулоо, ошондой эле ата мекендик жана чет элдик акыркы жаңылыктар менен таанышуу аянтчасы болуп калат. Бул форумдун уникалдуулугу курулуш, энергетика, атайын техника тармагындагы адистерди мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрү менен чогултканында.